13-майдан 19-майга чейинки аралыкта өлкө аймагында айдоочулар тарабынан 21 миң 351 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Анын ичинен:
— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-171;
— мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -142;
— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-51;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-363;
— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-6 427;
— авто ээнбаштык — 4;
— белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 580;
— жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 2;
— башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 611;
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 59 унаа айып короосуна токтотулган.