«Хизбут-Тахрир” диний экстремистик уюмунун идеологиясынан дагы бир жаран баш тартканын УКМКдан билдиришти.
“Хизбут-Тахрир” ДЭУнун колдоочусу, “Катиба Таухид Валь-Джихад” ЭТУга тиешеси бар, Ош шаарында туулган жаранга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган жарандан мурда тинтүү жүргүзүлгөн учурунда тыюу салынган экстремисттик материалдар табылып алынган. Ал “ХТ” ДЭУнун жетекчилери менен болгон байланышынан расмий түрдө баш тартканын мойнуна алды.
Учурда бул багыттагы иштер уланууда.