Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 20 жаштагы уландын сөөгү табылганын ӨКМден билдиришти.
«Бүгүн издөө иштерине жалпы 49 куткаруучу тартылып, Алга жана Кошой айылынын ортосундагы көпүрөөнүн астынан сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди»,-дешти.
Эскерте кетсек, буга чейин милиция маалымат таратып, Токмок шаарында адам урдоого шектелген жарандар кармалганын билдиришкен. Кылмыш ишине шектүү катарында 1988, 1983 жана 1996-жылы туулган жарандар аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Алдын ала тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда, шектүүлөр жабырлануучу жаранды ортодо чыккан уруштан улам үйүнөн алып чыгып, уруп-сабап унаа менен Чоң Чүй каналына алып барып, колун жоолук менен байлап сууга ыргытып салышкан.