Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында бала бакчага жасалган кол салуудан алты киши каза болуп, бир адам жаракат алды.
Полиция «Атайылап жасалган кол салуу» деп атаган окуя 10-июлдун таңында Ляньцзян уездинде болгон. Азырынча кылмышкердин эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз.
Каза болгондордун арасында бир тарбиячы, эки ата-эне жана үч бала бар. Бычак менен кол салууга шектүү катары 25 жаштагы жаран кармалганы кабарланды.
Эске салсак, былтыр августта өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Цзянси провинциясындагы бала бакчага белгисиз адам бычак менен кирип барып үч кишини өлүмүнө себепчи болгон.