7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги мектептердин биринде мугалим асынган абалда табылды

894

Бишкектеги мектептердин биринде 37 жаштагы мугалим асынган абалда табылды. Бул тууралуу 7-каналга Октябрь РИИБден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 5-июль күнү саат 09:14тө Бишкек ШИИБ “102” кызматына Бишкектеги мектептердин биринде адам өз жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жөнөп, ал жерден 1986-жылы туулган эркек кишинин жансыз денесин табышкан.

«Текшерүү учурунда денесинен зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Бул факты Октябрь РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды»,- дешти.

Алдын ала маалыматтар боюнча маркум, №17 мектеп-гимназияда хореограф болуп иштеген.


Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

895