7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Леонардо Ди Каприо Джо Байденге кат жолдоду

340

Америкалык киноактер Леонардо Ди Каприо АКШ президенти Жо Байденге ачык кат жолдоду.
Ал өзүнүн катында шаарларды таштандыдан арылтып, климаттык кризиске көңүл буруусун суранган. Ошондой эле Жо Байденди өлкөнү туңгуюктан сууруп чыккан, экологияга абдан көңүл бурган президент болууга чакырган.

«Сиз дүйнө жүзү боюнча күйүүчү отундун ордуна таза энергия колдонулушун талап кылышыңыз керек. Бул жумуш орундарын көбөйтүүгө, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын кыскартууга жана ошол эле учурда экономикалык жана расалык теңсиздиктерди жоюуга мүмкүндүк берет», — деди Ди Каприо.

Ошондой эле актер президент Байдендин «Көмүр кычкыл газынын иштетилишин азайтуу чаралары жөнүндө» Париж келишимине кошулуу чечимин колдоду.

Америкалык атактуу актер Леонардо Ди Каприо көптөн бери экология тармагында иш жүргүзүп, Америка аймагынын тазалыгы боюнча ири сунуштарды берип, демилелерди көтөрүп келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

341