21-августта ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар, жалпы коопсуздук иштери боюнча, анын ичинде 31-август Эгемендүүлүк күнү, 1-сентябрь окуу жылынын башталышы, 10-сентябрь Бишкек шаарынын Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жана башка маанилүү иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо туурасында онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Онлайн чогулуштун жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков: “Баарыңыздарга белгилүү болгондой, мыйзам бузуп, кармалган ички иштер органдарынын айрым кызматкерлерине байланыштуу жүктөлгөн милдеттерди так аткарбагандыгы, өздүк курам арасында жетиштүү иш алып барбагандыгы үчүн, айрым жетекчилер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алдык. Бул акыркы чечим эмес. Анткени, буга чейин болуп өткөн коллегияларда, аппараттык кеңешмелерде “эл үчүн таза иштегиле, өздүк курамга катуу көңүл бургула” деген бир катар тапшырмаларды бергенбиз. Жакынкы арада ушуга окшогон дагы бир топ чечимдерди кабыл алып, мындан да катаал чараларды көрөбүз. Кызматка жаңы дайындалган кесиптештерге тапшырма: Кыска мөөнөттүн ичинде, баардык кемчиликтерди жеринде жоюп, алгылыктуу иш алып барыңыздар” — деп баса белгиледи.
Ар бир иш-чара болуп өтүүчү аймактарда жарандардын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу, жаш балдардын дайынсыз жоголуп кетүүсүнө бөгөт коюу, ар түрдүү кырсыктарды болтурбоо боюнча иш-милдеттер белгиленди. Баардык жетекчилер, берилген тапшырмалардын негизинде, жүктөлгөн милдеттерди аткарууну колго алыңыздар.
Массалык маданий иш-чаралар болуп өтүүчү жерлерди Коомдук коопсуздук кызматы менен алдын ала такташып, тиешелүү мамлекеттик органдар, өзгөчө кырдаалдар, медицина бөлүмдөрү, жергиликтүү администрациялардын жетекчилери менен бирге иш алып барыңыздар. Кызматкерлердин тартибине, кийип жүргөн формасына, сырткы келбетине жана аткарган ишмердигинин ырааттуулугуна өзгөчө көңүл бурулсун.
Элге ыкчам жана сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү максатында, 28-август күнү баардык ички иштер бөлүмдөрүндө, башкармалыктарда “саптык кароолор” жүргүзүлүп, коомдук тартипти сактоо маселесине өзгөчү көңүл бурулсун. 30-августтан баштап, жалпы ички иштер органдары “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөөгө өткөрүлүп, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда кызматтык милдеттерди аткаруу жогорку деңгээлде ишке ашырылсын. Коомдук жайлардагы уурулуктарга, бейбаштыктарга, өз-ара урушууларга жана жалпы эрежелерди бузууларга бөгөт коюлсун.
Андан тышкары, 1-сентябрда билим берүү мекемелеринде жана орто мектептерде окуу жылы башталат. Жаш өспүрүмдөргө карата жана алар тараптан жасалган кылмыштарга бөгөт коюу күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлсүн. Бир дагы жаш өспүрүмгө же өспүрүмдүн катышуусунда резонанс жараткан окуяларга жол берилбесин.Мектеп мугалимдери, ата-энелер комитети, балдар иштери боюнча социалдык бөлүмдөр, жаштар уюмдары менен биргеликте алдын алуу иш-чаралары уюштурулсун.
Бул багыттагы жумуштар кыска мөөнөттө жөнгө келтирилбесе, өз милдетин аткарбаган, күч-каражатын туура бөлүштүрүп, кайгуул ишмердигин көзөмөлгө албаган жетекчилерге тартиптик жазаларды колдонобуз. Жергиликтүү бийлик органдары жана биргеликте мерчемдүү жерлерге видео-камераларды орнотууну аягына чыгарыңыздар, — деди министр чогулуштун жүрүшүндө.
Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды. Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.