Кытайдын түндүк-батыш тарабындагы Гансу провинциясында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам 100 км аралыкка чуркаган 21 катышуучу каза болду. Бул тууралуу «Синьхуа» басылмасы билдирди.
Жалпысынан марафонго 172 адам катышкан, алардын ичинен 151 адамды куткарышты.
Каргашалуу окуя аба ырайынын кескин начарлашынан улам болгон. Марафон болгон күнү мөндүр, жамгыр жаап, катуу шамал болуп, абанын температурасы кескин төмөндөп кеткен. Жарыштын бир нече катышуучулары жоголуп кеткенде, марафонду токтотуу чечими кабыл алынып, куткаруу операциясы уюштурулган.