Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол инспекторлору “Бишкек-Ош” унаа жолуна сапарга чыккан айдоочуларга унааны кышкы дөңгөлөккө өтүүсүн, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сакташы зарыл экендигин жана карама-каршы тилкеге чыкпай айдоону эскертет.
Бишкек-Ош унаа жолунда аталган башкармалыктын өздүк курамы кызмат өтөөдө.