7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоолуу райондордо кар жаап, үшүк жүрөт

171

Өлкө аймагында 13-15-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда жаан, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 5…10°,
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1…-3° үшүк, күндүз 4…9°,
  • Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1…-3° үшүк,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 11…16°,
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 5…10°,
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…+2°, күндүз 4…9° жылуу,
  • тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12- октябрда күндүз жана 13-14-октябрларда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мөмө жана жашылча-жемиштерди үшүк уруу коркунучу бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

172