Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Арка айылынын эли менен жолукту.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн угуп, суроолоруна жооп берди.
Ошондой эле эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча да маалымат жеткирилди.
Белгилей кетсек, облус башчысы чек ара аймагында окуя катталган аймактарда кырдаалды жөнгө салуу максатында жеринде көзөмөлгө алууда. Бүгүн 13-апрель күнү да Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында тургундар менен бирге болот.