Чек арадагы чыр-чатактан дагы үч жаран жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.
Маалыматка караганда, 21:00гө карата Лейлек райондук жалпы дарыгердик практикалык борборунда 3 бейтап дарылануусун улантууда.
«Бардыгы болуп 6 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылган, алардын экөөсү алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген. Бардык бейтаптар тиешелүү дарыланууну алышууда. Лейлек жалпы дарыгерлик практика борборунда дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар», — деп айтылат билдирүүдө.