7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
18°C

«Оппозиция болсоңор мага болгула. Мамлекетти тынч койгула». Президент блогерлерге эскертүү берди

443

Сөз эркиндигим бар деп эле калп маалыматтарды тараткандарды токтотолу. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, өздөрүн блогер деп эсептеген жарандарга фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Биз демократиялык жолдон тайбайбыз.

Сөз эркиндиги, адам укугу сөзсүз сакталат жана уланат. Биздин өлкөдө ар ким каалаганын сүйлөйт, митингдерге чыгат.

Чек жок. Бирок жалпы журналисттерден, өздөрүн блогер деп эсептеген жарандарыбыздан бир нерсени суранам. Кошуна мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарда маалыматты өзүңөр каалагандай бурмалап жана алардын жетекчилерин мазактап, ар кандай видео-фотоматериалдарды таратканды токтоткула. Бул кылыгыңар моралдык этикага туура келбейт. Мындай кылыгыңар менен абалды ого бетер курчутканга, эки элди кайраштырууга түрткү болуп жатасыңар. Ооба, чек ара көйгөйү бар. 30 жылдан бери чечилбей келген маселе. Абдан кылдаттыкты, кыраакылыкты талап кылат. Такташуулар жүрүп жатат. Миңдеген километр такталбаган жерлер бар. Убакыт керек. Кудай буюрса, менин президенттик мөөнөтүм бүткүчө, бул маселени чечип кетем деген ниетим бар.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сөз эркиндигим бар деп эле калп маалыматтарды тараткандарды токтотолу.

Мындан бир ай мурда фейк аккаунт менен «Кыргызстан Украинага согуштук оор техникаларын ташый баштады, аскерлерибиз согушка жөнөдү» деп чыгара коюп, аны андан ары официалдуу ММКлардан таратып жүргөн жарандарыбыз дагы болгон. Биринчиден, мындай кылган уят иш. Экинчиден, Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулукка жаман көрсөтүү максаты болуп жатат. Оппозиция болсоңор, жеке мага болгула. Мамлекетти тынч койгула. Согуш менен ойнобогула. Кудай элибизге согуштун бетин көрсөтпөсүн»,- деген өлкө башчы кайрылуусунда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

444