7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми абитуриенттер ЖОЖго тапшырганда кыргыз тилинен тест берет

737

Кыргызстанда мындан ары абитуриенттер жогорку окуу жайга тапшырганда милдеттүү түрдө кыргыз тилинен тест берет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү буйрук 7-февралда чыккан. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жогорку окуу жайларына (менчигинин түрүнө же ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан) тапшырган абитуриенттер үчүн ЖРТнын кайсы тилде тапшырылгандыгына карабастан мамлекеттик тил боюнча тест тапшыруусу милдеттендирилет.

Бул мамлекеттик тил боюнча тест абитуриенттин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт жана жогорку окуу жайларына тапшырууда сынактын жыйынтыгына таасирин тийгизбейт.

Негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыктары мыйзам чегинде мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгы менен бирге чыгарылат. Эгерде абитуриент мамлекеттик тил боюнча тест тапшырбаса, анда жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыгы берилбейт.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 17-июлундагы №140 “КРнын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамына ылайык башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында кирүү жана бүтүрүү экзамендери киргизилет.

738