7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абу-Дабиде бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

416

Бүгүн, 31-октябрда, Абу-Даби шаарында президент Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттер аралык өнөктөштүктү тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Алар:

— Кыргыз Республикасында Биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнн ортосундагы макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосунда дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза талаптарынан өз ара бошотуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ноталар менен алмашуу;

— Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшү боюнча министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандуму;

— Бишкек шаары (Кыргыз Республикасы) жана Абу-Даби шаары (Бириккен Араб Эмираттары) ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө Макулдашуу;- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Бириккен Араб Эмираттарынын кибер коопсуздук кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү Меморандуму;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Финансы министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандуму;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Борбордук Банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандуму;

— Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Ислам иштери жана вакфтар боюнча башкы агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандуму.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

417