«Сенин ырың»
Адам издейт өмүрүнө күйгөн жар,
А мен сага сактап жүргөн дүйнөм бар.
Жүрөгүмө жолду таптың катылган.
Эшик ачык кирсең болот сүйгөн жар.
****************************************
Көңүлүмдө жанды жарык чырактар,
Көк асманга жеткен өңдүү кулачтар.
Ай-жылдарга, мезгилдерге мертинбес,
Сүйүшкөндөр бир болуучу убак бар.
***************************************
Аппак жүзүң, ай жүзүң деп сүрөттөп,
Айткым келбейт ай жылдызга теңеп көп.
Кызганамын башкаларда оюнда,
Конок кылып албасын деп элестеп.
****************************************
Ооба эркем, эл деп жер деп ыр жазам,
А сен күлүп айланамды нурдасаң.
«Мага арнаган ырың кана»,-дебегин,
Сенин ырың, жүрөгүмдө тыңшасаң.
Жалгыз өзүң угаласың ал ырды,
Жалгыз гана жан дүйнөмдү тыңдасаң.
Автор: Акбар Кубанычбеков