Өзгөндөгү 14 жаштагы баланын өлүмү боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу 7-каналга Ош ОИИБден билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 16-октябрь күнү Өзгөн райондук Ички иштер бөлүмүнө Куршаб аймактык ооруканасынан кабар келип түшкөн. Анда, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагыны тургуну 14 жаштагы И.К., денесинен жараат алып кайрылган.
Аталган факты Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Алгачкы териштирүү иштери башталып, Өзгөн районунун Киров айылынын кире бериш жериндеги арканын жанындагы бийик жардын түбүнөн жараат алган абалда табылгандыгы аныкталган.
Алган жараатынан улам Ош облустук ооруканасына жеткирилип, 17-октябрь күнү ооруканада өзүнө келбей каза болгон. Маркумдун денеси соттук- медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.
«Мындан сырткары текшерүү иштеринин жүршүндө 16-октябрга караган түнү Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылындагы мектебинин 9-10-класстарынын окуучулары менен ошол эле айылга кошуна болгон Шагым айылындагы мектебинин 9-10 класстары ортосунда пикир-келишпестиктерден улам, топтолушуп мушташышкан. Киров айылынын балдары мушташ болгон жерден качып бара жатып жабырлануучу бийиктиктен түшүп кеткендиги аныкталган. Учурда күбөлөр суралып, иликтөө иштери улантылууда»,- деп берилет маалыматта.