Кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү катары 7 жаранды аныктады. Бул тууралуу 7-каналга аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-октябрда болжол менен саат 02:15 чамасында “102” кызматына “восток 5” дарегинде жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде “жаран киши колдуу болуп өлдү”-деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, азият түспөлүндөгү болжолдуу жашы 30-35 курактагы жаран жерде киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган.
Кылмыш изи суй электе, кылмышка шектүү катары 1990-туулган А.А., 1995-жылы туулган А.Д., 2002-жылы туулган О.А., 1974-жылы туулган А.Л., 1998-жылы туулган А.А. (кыздар) жана 1992-жылы туулган А.Н., 2000-жылы туулган С.У., (балдар) жалпысынан 7 жаранды кармашып, Свердлов РИИБнын тергөө кызматына жеткиришкен.
Шектүүлөрдүн айтымында адам өлтүрүү мушташуудан улам келип чыккан. Тагыраагы маркум чогу отурган бир кызды сабап салгандыктан, ал башка жарандардын катышуусу менен топтошуп, ошол жаранды өлтүрүшкөндүгүн айтышкан.
Бул факты Свердлов РИИБгы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.