Ушул жылдын 6 айында Кыргызстанга 3 млн 823 миң 706 турист келген. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Самат Шатманов билдирди.
«Өткөн жылдын 12 айында Кыргызстанда 3 млн 560 миң турист келген. Быйылкы көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу туристтердин агымы 2 эсеге көбөйгөнүнөн кабар берет. Ал эми быйыл 6 айда бюджетке Кыргызстандын мейманкана жана ресторандар тармагынан түшкөн киреше 388 млн 175 миң сом түздү”, — деди ал.
Самат Шатманов белгилегендей, жалпысынан жыл башынан бери Кыргызстандын аймагына 4 млн 993 миң 23 адам кирген, бул 2021-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көптүк кылат.