7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адам өлүмү менен коштолгон жарылуу. Мэриянын кызматкерлери кармалды

504

Адам өлүмү менен коштолгон жарылуу болгон соода түйүнүн мыйзамсыз орнотуу фактысы боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кызмат адамдары кармалды.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери жогорку кызматтагы аткаминерлердин ортосундагы байланышка жамынып, муниципалдык жерлерди тийиштүү уруксат документтери жок беришкени аныкталды.

13-июлда аталган соода түйүндөрүнүн биринде газдалган суу чыгаруучу газ баллондук жабдыктарда жарылуу болуп, анын кесепетинен бир сатуучу каза болуп, бир нече адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган.

Аталган фактынын негизинде УКМК тарабынан мэриянын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору жана инспектору И.К.Б. жана А.Т.А., ошондой эле павильондун ээси М.З.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарынын аймагында муниципалдык жер участокторун мыйзамсыз берүү фактыларын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

 

505