7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө 18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

256
18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз!
— арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
— турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
— Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
— сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
— мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
257