7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адвокат Абдырахманова Бекназаров менен Сасыкбаеванын сүйлөшүүсү тууралуу пикирин билдирди

510

Буга чейин Азимбек Бекназаров менен Асия Сасыкбаеванын жашыруун сүйлөшүүсү социалдык тармактарга тараган. Бул сүйлөшүүлөр тууралуу адвокат Аида Абдырахманова пикирин билдирди.

«Мен адвокат катары объективдүү оюмду жаза кетсем…Башкасынын видеосун көрбөдүм. Бирок, Асия Сасыкбаева менен Азимбек Бекназаровдун сүйлөшкөн сөздөрүндө «Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза кодексин 278-беренесинин курамы камтылган( кылмыштын квалификациясы ) бар»,- деген сөз «Массалык баш аламандыктар». Мен лингвист эмесмин. Бирок, ар бир айтылган сөздөн кылмыштын курамын чыгарып турмай, менде адатка айланган.( Опыт чоң)
Экспертизанын заключениясы чыккан. Болбосо, мындай оор кылмыш менен камакка алуу да мүмкүн эмес. Сөз эркиндиги башка кылмыш, бул такыр башка да. Ал эми Клара Сооронкулова эжекебиз өзү экс-судья. Кылмышка бармак эмес… Себеби, 278-беренесинин курамын өтө жакшы түшүнгөн жана билген профессионал деп эсептейм…Сот баш коргоо чарасын караганда ( санкцияны) активисттерди үй камагына чыгарып, тергөө объективдүү жана мыйзам чегинде тергелет деп ишенели. Бул менин жеке профессионал катары оюм, эч тарапка тартпай…»,-деген ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

511