ЭЛДИК ПИКИР:
«Адахан Мадумаров эки жүздүү, кечээ айткан сөзүн бүгүн мойнуна албай койгон адам экен. 2019-жылы эл менен жолугушуу учурунда, “биз кандай мамлекетпиз ээси жок? Керек болсо Кемпир-Абаддын жээгине бара албайбыз, балык кармайлы десек өзбектер катер менен келип кармап кетет”-деп сүйлөп жатат.
Азыр элдин башын айлантып, “Кемпир-Абадды мурда эле пайдаланып келчүбүз”-деп жүрөт. Мадумаров айтканда мамлекеттин ээси, жоопкерчиликти алган жетекчиси жок үчүн 30 жылдан бери Кемпир-Абадга кыргыздар жээгине жолой албай келишкен. Өзү айткандай балык кармайм деп барып алган көп жарандарыбызды өзбектер кармап кетчү.
Эми сүйлөшүүлөр Кыргызстанга пайдалуу болуп, чек ара маселеси жакшы чечилип жатса, кайра эле ушул Мадумаров деген бузуку тескери маалымат таратып жатат. Бул сөзүн мурда айтып жүргөнүн унутуп калса керек, бирок видеосу айныгыс далил!
Азыркы бийликтин сүйлөшүүсүнөн кийин кандай болуп жатат? Кемпир-Абад суу сактагычына эркин балык кармаса болот, катер менен кенен айланып жүрүүгө болот. Каалаган жеринен насос аркылуу суу түтүктөрү менен сугатка пайдаланса болот. Плотинаны эки мамлекет 50/50 көзөмөл кылат!
Адахан Мадумаровдун калпы чыкты, мына бул видео далил! Эми анализ кылып, жыйынтык чыгаргыла».
Посмотреть эту публикацию в Instagram