7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев Саида Мирзиёева менен жолукту

259

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстан президентинин Администрациясынын Жетекчиси Саида Мирзиёева менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Касымалиев Өзбекстан Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, аймактар аралык кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп жатканын, биргелешкен ишканалардын саны көбөйүп, эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосундагы байланыштар активдешип жатканын кошумчалады.

Ошондой эле, соода-экономикалык мамилелердин оң динамикасын канааттануу менен белгилешип, өз ара сооданын көлөмү 2 млрд долларга чейин жетээрине өз ара ишенимин билдиришти.

Саида Мирзиёева өз кезегинде жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-өзбек кызматташтыгын кеңейтүүнүн келечегин белгиледи. Ал Кыргызстан аймактагы эң динамикалуу өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп, эки боордош өлкөнүн аймактык биримдикти чыңдоого багытталган жалпы максаттары менен милдеттерине токтолду.

260