7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев Таластагы курулуш объектилеринин жүрүшүн текшерди

257

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар курулуш жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Алгач МинКаб төрагасы «Айтматов Ааламы» тарыхый-мемориалдык комплексинин курулушун көрдү. Аталган жай дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылык мурасына арналган заманбап маданий-мемориалдык комплекс катары курулууда.

Мындан тышкары, Талас шаарындагы «Баластан» оюн-зоок борборунун курулушу каралды. Долбоор жалпы 6,5 гектар аянтты ээлеп, тогуз имараттан турат. Комплекс эс алуу жана көңүл ачуу үчүн заманбап инфраструктураны түзүүгө багытталган.

Сапардын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Таластагы асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдордун иши менен да таанышты. Бул ишканалар аймактагы курулуш долбоорлорун керектүү материалдар менен камсыздоодо маанилүү роль ойной турганы белгиленди.

Адылбек Касымалиев курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрүү, сапатты камсыз кылуу жана объектилерди өз убагында пайдаланууга берүү зарылдыгын белгиледи.

Белгиленгендей, ишке ашырылып жаткан социалдык объекттерди өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.

258