7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аэропорттун кулаган тосмосунун чыгымын подрядчы фирма төлөйт

804

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Ысык-Көл облусундагы аэропорттун тосмо дубалы кулап калганы боюнча түшүндүрдү.

«Тамчы» эл аралык аэропортунун айланасын королоо боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөн. 2023-жылдын 18-март күнү Ысык-Көл облусунун аймагында жүргөн катуу шамалдан улам бетондоо иштери толук бүтө элек участоктогу дубалы урап калган. Тосмо дубалдын кулап калышы боюнча, подрядчы фирма чыгымды өз мойнуна алат жана кайра калыбына келтирет.

Калган аралыктагы дубал талапка ылайык бетондолгон. Учурда ураган дубалды тазалоо, ордун ирээтке келтирүү жана кайра тургузууга даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.

Тосмо дубалдын сапаты боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы өткөрүп алуу учурунда дыкат текшерүү жүргүзүп, талапка жооп берсе гана кабыл аларын белгилейбиз» — деди ал.

Эскерте кетсек, 18-мартта Ысык-Көл районунда катуу шамал болуп, аэропорттун тосмосун кулаткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

805