7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт басылды

381

Бишкектеги Иса Ахунбаев көчөсүндөгү жол тилкеси капиталдык оңдоодон өтүп жатат.

Ага ылайык, аталган көчөнүн Ч. Айтматов жана А. Токтоналиев көчөсү менен чектелген бөлүгүнө асфальттын биринчи катмары басылып бүттү. Анын калыңдыгы 6 см. Эми бир апта ичинде 5 см калыңдыктагы асфальттын экинчи катмары басылат.

Учурда подрядчы ишкана жол тилкесиндеги канализация кудуктарынын айланысынан асфальтты сыйрып, тегерете бетондоп, экинчи катмардын деңгээлине көтөрүү жумуштарын аткарууда.

Андан тышкары Ахунбаев көчөсүнүн А. Токтоналиевден А. Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө эски асфальт сыйрылып, эки четиндеги бордюрлар демонтаждалып, асфальт басууга даярдалууда.

И. Ахунбаев көчөсү Ч. Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин 4 этап менен капиталдык оңдоодон өтөт. Жалпы узундугу 2,4 чакырым.

 

 

 

382