7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ахунбаевге, Исановго жана Суеркуловго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” даражасы ыйгарылды

520

Академик, хирург Иса Ахунбаевге, советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Суеркуловго, мамлекеттик ишмер Насирдин Исановго  каза болгондон кийин “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

«Академик, хирург Ахунбаев Иса Коноевичке “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин). Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Суеркулов Абды Суеркуловичке “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин). Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу мамлекеттик ишмер Насирдин Исановго “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин)», — деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

521