7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аида Салянова: “Президент жеке таарынычтарды эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койду”

256

Мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова Президент Садыр Жапаров тууралуу өз пикирин билдирип, анын мамлекеттик кызыкчылыкты жеке мамилелерден жогору койгон кадамын жогору баалады.

Салянова белгилегендей, ал Башкы прокурор болуп турган учурда азыркы мамлекет башчысы кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошондуктан жылдар өткөндөн кийин кандайдыр бир мамлекеттик кызматка талапкер болгондо Президент тарабынан колдоо болоруна өзү да ишене алган эмес.

“Мен өз позициямдан эч качан тайган эмесмин. Ошентсе да Президент эски таарынычтарды эстебей, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюп, мени колдоду. Муну мен саясий маданияттын жана мамлекеттик ой жүгүртүүнүн жаңы деңгээли катары баалайм”,-деген ал.

Мурдагы Башкы прокурордун айтымында, бул кадам өлкөдө жаңы саясий маданиятты калыптандырууга, коомду бириктирүүгө жана мамлекеттин келечеги үчүн иштөөгө багытталган мамиленин көрүнүшү болуп саналат.

Салянова ошондой эле Президент көрсөткөн ишенимди өлкө жана келечек муун алдындагы чоң жоопкерчилик катары кабыл аларын белгиледи.

257