7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айбек Жунушалиев мэрликке ат салышуу үчүн арызын тапшырды

743

Бүгүн, 17-августта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев мэрликке талапкер катары ат салышуу үчүн документтерин борбордун аймактык шайлоо комиссиясына тапшырды. Бул тууралуу АШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аны министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы сунуштаган.

Эске сала кетсек, Айбек Жунушалиев 12-августта мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ага чейин Ош шаарынын экс-мэри Таалайбек Сарыбашов мэрдин милдетин аткаруучу болуп 10 күн иштеген соң өз эрки менен кызматтан кеткен. Ал өзүнүн кетүүсүн депутаттыкка аттануу менен түшүндүргөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

744