7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Айчүрөк» соода борборунун ээсине эл аралык издөө жарыяланды 

773

Бишкектеги “ЦУМ-Айчүрөк” соода борборунун ээси Габбазов (азыр Маметов) Анвар Илшатовичке карата Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды.

УКМКдан билдиришкендей, Габбазов Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген. Аталган адам улуттук коопсуздук органдары тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Габбазов өзүнүн жардамчысы Рамонов аркылуу Камчы Асанбекке “Мерседес Бенц 222” брондолгон автоунаасын белекке берген, унаа Габбазовдун жеке каражатына сатылып алынган. 2020-жылдын октябрь айында алар аталган унааны экс-премьер-министри Сапар Исаков абактан чыккандан кийин өткөрүп беришкен.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 5-октябрында Бишкектин Ала-Тоо аянтында С.Исаков жана айрым саясатчылар отурган унаага ок тийген.

Ошол эле учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Габбазов жана Көлбаев аффилиацияланган жактар менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кара-Ой айылында жайгашкан, баасы 15 млн АКШ доллары болгон мурдагы “ЗИЛ” пансионатынын 42 гектар жерин мыйзамсыз ээлеп, өз адамдарына каттатып алышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан тышкары, Габбазов менен Көлбаевдин ортосундагы жалпы финансылык иштер жана кызматташуу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, анын Бишкектин престиждүү аймактарынын биринде жайгашкан, мурда Көлбаевдин жакын тууганынын наамына катталган кымбат батирди, ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Каганат” эс алуу борборунан коттедж сатып алган.

Учурда Габбазовго эл аралык издөө жарыяланып, тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

774