7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочу абайлаңыз! Төө-Ашууда калың кар жаап, бороон болууда

746

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда калың кар жаап, бороон болууда. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кардын калыңдыгы 25 см чейин жетет. Жолдун көрүнүшү начар. Бишкек-Ош унаа жолунун 132-136 тилкесинде өтүү бир гана Ош багытына жүргүзүлүүдө. Жеңил унаалар үчүн жол кыймылы татаал. Оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

«Кыргызавтожол» МИнин №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдорду кардан тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу иштери жүрүп жатат. Аба ырайына байланыштуу ашуу аймактарына чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырып, кар чынжырчаларын алып жүрүүнү сунуштайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

747