7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочу аялды жаакка чапкан эркек киши кармалды

1665

Бишкек шаарындагы Байтик баатыр көчөсүндө айдоочу аялга кол көтөргөн эркек кишинин аты-жөнү такталды. Бул тууралуу маалыматты Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу арыз менен 28-сентябрда кечке маал кайрылган.

«Биздин унааны «Вефа центрге» жете электе башка унаа жөөлөп өттү. Мен терезеден «Эмне кылып жатасыз? Унаада жаш бала бар» деп кыйкырдым. Андан кийин ал ашып өтүп, унаасын авариялык абал жаратуу менен дароо токтотту», — деди жабырлануучу.

Видеотасмадан автоунаанын ичинде отурган аял кишиге сыртта турган эркек киши терезе аркылуу кол көтөрүп, жулмалап жатканы көрүнөт.

Бул факт Жоруктар кодексинин 119-беренеси («Майда бейбашчылык») менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Денеге келтирилген жаракаттын деңгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

Майда бейбашчылыкка айыпталган айдоочу — 1964-жылы туулган Э.Н. Биринчи май РИИБге жеткирилгени белгилүү болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1666