7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова бүгүн дүйнөлүк чемпионатта япониялык балбан менен беттешет

3389

Бүгүн, 4-октябрда Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатындагы беттешин баштайт.  Мелдештин программасы Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтына жарыяланган.

Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү 55 жана 62 килограмм салмактагы спортчулардын таймашы менен башталат. Кыргызстандын курама командасынан алгачкылардан болуп учурдагы дүйнө чемпиону 62 кг салмактагы Айсулуу Тыныбекова  килемге чыгат.  Ал турнирдин 1/8 финалында  япониялык Ноноко Озаки менен таймашат.

Улуттук курама команда мелдешке үч балбанды алып барган. Айпери Медет кызы (76 килограмм) 5-октябрда, ал эми Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) 6-октябрда күрөшөт.

Норвегиянын Осло шаарында Спорттун грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты 2-октябрда башталган. 10-октябрда жыйынтыкталат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3390