7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарба министрлиги шафран өстүрүүнү сунуштады

587

Айыл чарба министрлиги дыйкандарга шафран өстүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти.

«Аталган өсүмдүктүн жалбырактары азыктык жана дарылык касиетке ээ. Ал жапайы жаратылышта сейрек кездешет. Иран, Испания, Индия жана башка кээ бир өлкөлөрдө өстүрүлөт. Ал эми 2021-жылдын 26-сентябрынан баштап Кыргыз улуттук агрардык университетиндеги коллекциялык питомнигинде эксперименталдык талаачада шафран өстүрүлүп жатат. Бул өсүмдүктү өстүрүү бардык дыйкандарга сунушталат» — деп айтылат маалыматта.

Мекемеден кошумчалагандай, Кыргызстанда шафранды өстүрүүнү жайылтуу боюнча мамлекеттик программа даярдалып жатат. Эгер бул программа кабыл алынса, фермерлерге шафранды кантип туура өстүрүү боюнча окутуулар жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, шафран дүйнөдөгү эң кымбат жана баалуу өсүмдүктөрдүн бири.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

588