7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу киргизилди

479

Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынган.

Мындан улам жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

1.Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) (реэкспортту, транзитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып 2022-жылдын 31-декабрын кошо алганда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге буудай унун (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) ташып чыгууга 100 000 тонна көлөмүндө сандык чектөө белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

Белгилей кетсек, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

480