7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл өкмөт башчы 3.5 млн сомдук жер тилкесин мыйзамсыз сатып жиберген

385

Чүй облусунун Жайыл районунда 3.5 млн сомдук жер тилкесин 326 миң сомго сатып жиберген айыл өкмөт башчы кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Талды-Булак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.А., өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, өзүнө же башка жактарга пайда жана артыкчылыктарды алуу максатында, мыйзам талаптарын бузуу менен Т.К. аттуу жаранга 1,29 га жер тилкесин аукцион аркылуу арзандатылган баада, тагыраагы 326 миң 370 сомго сатып жибергендиги аныкталган.

«НЦН» бейөкмөт экспертиза уюмунун корутундусуна ылайык, сатуу учурунда аталган жер тилкесинин баасы 3 млн 503 миң 521 сомду түзгөн. Демек, мамлекетке 3 млн 177 миң 151 сомдук ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен Талды-Булак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.А. айыбы угузулган.

Мындан сырткары, аталган жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган жана жер тилке муниципалитеттин балансына кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө аталган жер тилкесинин базар баасы 10 млн 455 миң 600 сомду түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

386