Ош шаарынын Жаңы-Маала айылында Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 5 жаштагы баланы издөө иши уланууда. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Бүгүн 13 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам, жалпы 71 адам тартылды. Куткаруучулар Ак-Буура дарыясынын терең болгон жерлерин карап берүүгө чыкты.
Эскерте кетсек, 2019-жылы туулган С.И. аттуу жаш бала Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып дарыяга түшүп кеткени тууралуу маалымат 9-ноябрь күнү ӨКМге түшкөн.