Бишкек –Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Тараз –Талас — Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашуусунда чектөөлөр жок, күн ачык, каттам бар.
Ал эми, Бишкек – Нарын -Торугарт автомобиль жолундагы Долон, Кызыл-Бел ашууларында күн бүркөк, Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашууларындагы жолдордо каттам бар, жол ачык.
Жол тейлөө ишканалары тарабынан жол тазалоого керектүү техникалар жана инерттик материалдардын даярдыгына көзөмөл жүргүзүлүүдө.