Бүгүн Жумгал районунун Өрнөк айылында ата-баланы издөө иштери саат 9:28де башталды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Издөө ишине ӨКМден 5 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 18 адам, жалпы 33 адам тартылды.
Эскерте кетсек, Жумгал районунда ата-бала мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.