Президент Садыр Жапаров 10-ноябрда, иш сапары менен Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Королдугу) келди. Мамлекет башчысынын борту Эр-Рияд шаарынын Король Халид атындагы эл аралык аэропортуна конду.
Учактан түшө беришинде килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди. Президент Садыр Жапаровду Эр-Рияд провинциясынын губернаторунун орун басары Мухаммад бин Абдурахман аль Сауд жана башка расмий адамдар тосуп алды.
Эскерте кетсек, иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина жана түштүк Ливан, ошондой эле жалпы эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо пландаштырылууда.