6 жаштагы Алия көп суммадагы операцияга муктаж болууда. Анын ата-энеси кайрымдуу кыргыз элинен жардам сурайт.
Махмутова Алия Улугбековна 2016-жылы 23-апрелде туулган. Ал ак кан оорусунан жабыркап келет.
Диагноз: ОСТРЫЙ МИЕЛОБЛАСТНЫЙ ЛЕЙКОЗ М2 ФОРМА.
Буга чейин ушундай эле диагноз менен ата-энеси биринчи кызын жоготуп алышкан. Эми экинчи жолу да кызын жоготуп алуудан коркушат.
Учурда Алия Ош облустук балдар ооруканасында 2-курс химия терапиясына даярданып жатат.
Дарылануу үчүн Түркия мамлекетине «пересадка костного мозга» операция кылынуусу керектелинет. Ал операциясы үчүн 150-175миң доллар талап кылынат.
Азыркы учурда мындай чоң сумманы табуу ата-энеси үчүн оор болуп жатат.