7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Ордодогу үйү түрттүрүлгөн Маралдын жаңы үйүнүн дубалы тургузулду (ФОТО)

1386

3-март күнү Сокулук районунун Новопавловка айылынын Ак-Ордо-3 жаңы конушунда соттун чечими менен Марал Шаболотованын үйү сүрдүрүлгөн.

4 баласы менен көчөдө калган Марал  Шаболотовага президенттин тапшырмасы менен ошол эле жерге үй салына баштаган.

Учурда үйдүн дубалы тургузулуп, курулуш иштери жүрүп жатканын Мирбек Осмонов социалдык тармактагы баракчасына сүрөттөрү менен бөлүштү.

Эске салсак, президент 5-мартта, «Ак-Ордо» конушуна пландан тышкары барып, жакында эле соттун чечими менен үйү түрттүрүлүп жана балдары менен барар жери жок калган Марал Шаболотова менен жолуккан.

Бул кабар коомчулукта чоң резонанс жаратып, буга байланыштуу мамлекет башчысы маселени жеринде териштирүүнү чечкен.

Жапаров окуянын чоо-жайын сураштырып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан.

Аялдын үй-бүлөсү жер тилкесин он жылдай мурун ишеним кат менен сатып алып, салган үйдө жолдошу жана жашы жете элек төрт баласы менен жашап келген. 2017-жылы, мораторий маалында ушул эле тилкеге башка тараптар кызыл китеп алышкан. Соттук органдар аялдын курулушун мыйзамсыз деп таап, аны бузуу чечимин кабыл алышкан. Абийирсиз тараптардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында бул сыяктуу көйгөй көпчүлүк жарандарда болууда. Президент териштирүү жүргүзүү жана бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1387