7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Ордо конушундагы жол кырсыгы. Дагы бир жүргүнчү каза болду

753

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда орун алган жол кырсыгынын кесепетинен маршрутканын дагы бир жүргүнчүсү көз жумду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 50 жаштагы аял кырсыктын кесепетинен кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн, ал күн мурун көз жумду.

Эскерте кетсек, Ак-Ордо конушунда жогорку ылдамдыкта келе жаткан жүк ташуучу унаа жүргүнчү ташыган №169 маршрутканы артынан келип сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен ондогон адам жабыркап, бирөө каза болгон.

Алдын ала маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу уктап кеткен. Аталган факт боюнча КЖКнин 312-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу 1991-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

754