Майда ээнбаштык жана бөтөн мүлктү жок кылуу фактылары боюнча Ак-Татыр айылынын 6 тургуну Баткен райондук ички иштер башкармалыгына чакыртылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Ак-Татыр айылында 24-июлдан 25-июлга караган түнү Ош-Исфана унаажолундагы Ак-Татыр айылында элдик кошундар Лейлек районунун Маргун айылынын 35 жаштагы А.Ө. аттуу тургунун “Мерседец-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп, унаанын ичиндеги 2-2,5 тонна жүзүмүн аткезчилик жол менен келе жатасын дешип, “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү 2 унаага жүктөп, жүзүмдөрдү жок кылып жиберишкен.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ак-Татыр айылынын ыктыярчылары буга чейин да бир нече унааларды тосуп текшерүүгө алган. 24-июль күнү Лейлек районунун аттуу тургуну “Спринтер” үлгүсүндөгү унаасына 600 кг жүзүм, 600 кг алма жүктөп бараткан жеринен токтотуп, жүзүмдөрүн аткезчилик жол менен Тажикстандан алынып келүүдө -деп сууга агызып жиберген.
Жогорудагы фактылар Баткен РИИБинде Жазык кодексинин 210-беренеси («Бөтөн мүлктү жок кылуу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган
Бүгүнкү күнү Ак-Татыр айылынын 6 тургуну Баткен РИИБне суракка чакыртылган.