АКШнын президенти Жо Байдендин небереси Наоми турмуш жолуна аттанды. Анын үйлөнүү тою Вашингтондогу Ак үйдөн болду. Бул тууралуу “Фокус” басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 28 жаштагы Наоми Кинг Байден, 25 жаштагы Питер Хирман Нил аттуу жигитке турмушка чыкты. Алар 4 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүшкөн. Питер чоң энесине таандык болгон шакекти сүйүктүүсүнө нике шакек катары ыйгарган. Салтанатка 250дөй конок чакырылып, жакындары менен чакан той өткөрүлгөн. Жалпыга маалымдоо каражаттары тойго киргизилген эмес. Ошондой эле, ак үйдүн астында коопсуздук чаралар күчөтүлгөн тартипте иштешкен.
Кошумчалай кетсек, Наоми менен Питер август айынан бери Ак үйдө жашап келишет. Жубайлар экөөсү тең юрист болуп эмгектенишет.