7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү

792

Аксыда облустук жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарынын күч каражаттарын тартуу менен 2 күндүк командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, машыгууга Жалал-Абад ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги, милициянын полковниги Алмазбек Жусупов, Аксы РИИБдин начальниги, милициянын полковниги Айылчы Мырзамамытов, РИИБдин өздүк курамы, ЖКККБнын, ӨКМ жана райондогу мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышышты.

Жаз-жай мезгилдеринде аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам жер көчкү, сел суу ташкындары жана өрт кырсыктары катталган учурда милиция кызматкерлеринин аткара турган жумуштары көрсөтүлдү. Машыгуунун алкагында табигый кырсык катталган аймактарда жарандардын өмүрүнө зыян келтирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу, мүлктөрдү талап-тоноодон коргоо, коомдук тартипти сактоо, жарандардын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында курчоого алуу жана кайгуул-күзөт багыттары уюштурулду.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

793