7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыдагы тиричилик калдыктарын сактоочу жайда мыйзам бузуулар аныкталды

366

Кербен шаарынын тегерегиндеги өндүрүш жана керектөө калдыктарын сактоочу жайларынын абалына текшерүү жүргүзүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Аксы райондук прокуратурасы билдирет.

Анда, Таш-Мойнок участкасында аянты 5,6 га болгон  катуу тиричилик калдыктарды сактоочу жайы жайгашкан. Текшерүү учурунда, ал жерди түтүн каптап, таштандыларды ири мүйүздүү малдар аралап, оттоп жүргөндүгү аныкталган.

Ошондой эле, Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагынын Гүлдүр-Сай участкасындагы аянты 2,0 га болгон таштанды таштоочу жайынын абалын жеринде текшерген мезгилде, бул жайга жетпестен, жолдун боюнда таштандылар төгүлүп, чон мүйүздүү малдардын сөөктөрү ташталган.

Бул мыйзам бузуучулуктар боюнча Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Аксы райондук-мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин наамына тийиштүү кызматкерлерге тартиптик жаза чараларын колдонуу менен, ченемдик укуктук актыларга жол берилген укук бузууларды алардын бузулушуна түрткү берген себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө сунуштама келтирилди.

367