7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыдагы тополоңго байланыштуу камалгандардын тарапташтары митингге чыгышты

257

Жалал-Абад облусунда Аксыдагы тополоңго байланыштуу камалгандардын тарапташтары митингге чыгышты. Бул тууралуу 7- каналдын аймактык кабарчысы маалымдады. Митингчилер алгач УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын алдына чогулушкан, учурда Жалал-Абад шаардык сотунда улантышууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын имаратынын алдына 7-октябрда Аксы районундагы тополоңго байланыштуу камалган Кутман Шадыбеков, Тургун Шадыбеков жана Жылдыз Шадыбековдун тарапташтары, Ак-Дөбө айылынын тургундары нааразычылык акциясына чыкты. Жүздөгөн адамдар кармалгандарды үй камагына чыгарууну талап кылышууда. Учурда атайын кызматтын өкүлдөрүнөн бул боюнча комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.2020-жылы 7-октябрда Кербен шаарынын борборуна акимди кызматтан кетирүү талабы менен чогулгандардын митинги калайман мушташ менен коштолуп бир киши каза болгон, алты киши жараат алган.Мушташта катуу жараат алган 41 жаштагы Уланбек Жаманкулов жыйырма күндөн кийин каза болгон. Милиция тополоңду уюштурууга шектүүлөрдүн бири катары Кутман Шадыбековду камакка алган. Кийин анын жакындары Тургун Шадыбеков жана Жылдыз Шадыбеков дагы кармалган. Жабыркаган тарап милицияга ишеним көрсөтпөгөндүктөн, ишти атайын кызмат иликтеп жаткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

258