Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Орозов Акылбек Курбанбекович Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.